• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кара-Балта шаарында 3 миң орунга ылайыкталган жаңы мечит ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Кара-Балта шаарында 3 миң киши бата турган жаңы мечит колдонууга берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Мечиттин курулушуна "Катар" кайрымдуулук фонду тарабынан 30 млн сом жардам көрсөтүлсө, ал эми жергиликтүү тургундар марафон өткөрүп, 5 млн сом каражат чогултуп беришкен.

Мечиттин ачылышына жергиликтүү тургундар жана Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев катышып, чогулгандарды жалпы элдин колдоосу менен жаңыртылган мечиттин ачылышы менен куттуктады.

“Колунда барын жамаат менен бөлүшүп, сооптуу иштен аянбай, марафонго активдүү колдоо көрсөткөн, курулушка катышкан ар бир замандашыма, өзүнүн жардамын аябаган кайрымдуулук фондго ыраазычылык билдирем. Ыймандуу, мекенчил, билимдүү жаштар өсүп чыгып, өлкөгө тирек болсун”, - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий