• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кара-Балта шаарында зер буюмдарды уурдагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кара-Балта шаарында жайгашкан соода үйүнөн зер буюмдарды уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-апрель күнү Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарынын 34 жаштагы жашоочусу И.Г. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 13-апрелинен 14-апрелине караган түнү Кара-Балта шаарында жайгашкан соода үйүнө белгисиз бирөөлөр терезеси аркылуу кирип, ал жерден зер буюмдарын (күмүш жана алтын жалатылган) уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 921 миң сомдон ашкан.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренси (“Уурдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Чүй облустук жана Жайыл райондук милициянын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 33 жаштагы Б.М. аттуу аял киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Чүй облусунун жана Жайыл районунун милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка тиешеси бар деген шек менен Бишкек шаарынын 24 жаштагы жашоочусу Р.Э. аттуу жаран кармалып, Жайыл РИИБгө жеткирилип, кийин убактылу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий