• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кара-Балтада алтындын куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилет

Экономика 0

Бишкек, 01.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Август айында Кара-Балта шаарында алтындын чендик куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилет. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул завод Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачылат.

“Республика боюнча 100 өнөр жай объектисин ишке киргизүү планына карата “Кыргызалтын” август айында эки иш-чараны мерчемдеп жатат. Мында Кара-Балта шаарында алтындын чендик куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилет. Ошондой эле Кеминдеги “Мироновское” кенинде алгачкы кенди казып алуу иштери башталат”, - деди ал.

Сатыбалдиев белгилегендей, “Кыргызалтын” “Экономиканы динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” президенттин жарлыгын ишке ашырууга активдүү катышууда.

“Республикада алтын, сурьма, жез, сейрек кездешүүчү элементтер, калай, вольфрам, молибден, ванадий, магний жана башка кендерин казып алуу жана кайра иштетүү боюнча зор мүмкүнчүлүктөрдү аныктадык”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий