Кара-Буура районунда УКМК башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Бүгүн УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле ошондой улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык област, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий