• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Буура районунун Ак-Жар айылындагы мектепте өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кара-Буура районунун Ак-Жар айылындагы мектепте өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-январь күнү Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ак-Жар айылынын Калыбаев орто мектептин от жагуучу бөлмөсүндө өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:48де 1 бөлүм, саат 08:10до кошумча 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:22де чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий