• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кара-Көл чакан ГЭСнин курулушуна 25 млн доллар тартылды

Экономика 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Финансы-кредиттик фонд Кара-Көл чакан ГЭСнин курулушуна кепилдик берди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн улуттук экономикасынын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинети тарабынан тышкы жана ички инвестицияларды тартуу учун кепилдик берүүнүн финансылык инструменти киргизилген.

Финансы-кредиттик фонд тарабынан "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коому жана "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" жабык акционердик коому менен 17,5 млн.АКШ доллары суммасындагы "Кара-Көл" чакан гидроэлектстранциясын куруу жана пайдалануу долбоору боюнча кепилдик келишимине кол коюлду.

Долбоордун жалпы наркы 25 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 17,5 млн АКШ доллары "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК тарабынан, 7,5 млн АКШ доллары "Жагалмай" ЖЧК тарабынан каржыланат.

"Кара-Көл" чакан гидроэлектранциясын ишке киргизүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана өлкөнүн бюджетине кошумча чегерүүлөрдү, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылат.

Долбоор аймактык жана жалпы мамлекеттик масштабга ээ. "Кара-Көл" ГЭСинин кубаттуулугу 18 МВт түзөт, орточо жылдык электр энергиясын иштеп чыгуусу 112,3 млн кВт*с, бул электр энергиясынын тартыштыгын 3,5% га жабат.

"Кара-Көл" ГЭСин пайдаланууга берүү 2025-жылдын 1-жарым жылдыгынын аягына пландаштырылууда, ошондой эле бул долбоордун демилгечиси "Жагалмай" ЖЧКсы болуп саналат.

Маалымдама: КР Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана республиканын экономикасынын тармактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий