• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кара-Көл шаардык соту оңдоодон өткөн имаратка көчтү

Аймак 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Кара-Көл шаардык соту оңдоодон өткөн имаратка көчтү.

Имараттын ачылыш аземине Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.

Замирбек Базарбеков бүгүн бир гана Кара-Көл шаары үчүн эмес, бүтүндөй сот системасы үчүн маанилүү күн болуп жаткандыгын айтты. Анткени, Кара-Көл шаардык соту аянты кенен, жайгашкан жери дагы ыңгайлуу болгон башка имаратка көчүп киришти.

Замирбек Базарбеков кошумчалагандай, мамлекет башчысынын колдоосу менен жеткиликтүү жана ачык сот тартибин бекемдөө багытына ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, соттордун натыйжалуу иштешине ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, бул 1980-жылы курулган административдик имаратты оңдоп-түзөө иштерине 17 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Эки кабаттуу имаратта эми 2 судья, 7 аппарат кызматкери, 6 техникалык жана кенже тейлөө персоналдары эмгектенишмекчи.

Жакынкы арада Алай райондук сотунун ачылышы күтүлүп жатат. Ал эми Кара-Суу райондук соту менен Таш-Көмүр шаардык сотторунун имарататрынын курулуш иштери башталып, дубалдары көтөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий