Кара-Көл шаарына 8 млн сомго үч автобус сатып алынат

Аймак 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кичи автобустарды сатып алууга тендер жарыялады.

Сатып алуулар порталында маалымдалгандай, пландалган сумма 7 млн ​​999 миң 998 сомду түзөт. Тендердик арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 23-декабрга чейин.

Техникалык спецификацияда маалымдалгандай, 18 орундуу 3 дизелдик автобус сатып алынат.

Пикир

Оставить комментарий