Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалган Нуртилек Орозбаевди мэриянын эмгек жамаатына тааныштырды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ыйгарым укуктуу өкүл жаңыдан дайындалган калаа мэринин ишине ийгиликтерди каалап, облустагы ири аймактардын катарын толуктаган Кара-Көл шаарын ар тараптуу өнүгүүсүндө аткарылуучу жумуштар арбын экенин белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий