• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кара-Көлдө “Укук тартип” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Укук тартип” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара учурунда ар кандай тартип бузууларга барган 3 жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө карата КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесине ылайык протоколдор толтурулун, айып пулдар салынды.

Профилактикалык иштердин алкагында шаар аймагындагы унаа жуучу жайлар, дүкөндөр, сулуулук салондору, кафе-ресторандар, компьютердик клубдар көзөмөлгө алынды. Бул жайлардын ээлерине карата жашы жете элек өспүрүмдөрдү эмгектин оор түрүнө тартылбоосу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазуу түрүндө кол коюу менен эскертүүлөр берилди.

Мындан сырткары шаар аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучуларына кылмыштуулуктун жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айылында милициянын участкалык инспекторлорунун өткөн жылы аткарган жумуштары айыл элинин талкуусуна коюлду. Элдик жыйынга Майлуу-Суу ШИИБдин башчысы Момунаалы Добулбеков, аймактык башкармалыктын башчысы жана жергиликтүү тургундар катышышты. Жыйында кылмыштуулуктун алдын алуу, профилактикалык иштерди күчөтүү зарылдыгы белгиленип, тургундардын милицияга байланыштуу суроолоруна жеринде жооптор берилди.

Пикир

Оставить комментарий