Кара-Кулжада 150 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Быйылкы жылы өлкө боюнча 100 мектепти бүтүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа районуна караштуу Тегерек-Саз айылында Эркинбаев атындагы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепти куруу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, долбоордук кубаттуулугу 150 орунга эсептелген.

Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 1195,0 чарчы метрин түзөт. Мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Негизги окуу класстарынан сырткары, концерттик иш-чаралар өтүүчү зал, англис жана орус тили кабинеттери, химия, биология лабораториялары, эмгек каанасы, китепкана жана дарыгердин кабинети каралган.

Белгиленгендей, КР президентинин жана министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык, ноябрь айына карата өлкө боюнча 60 мектеп бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керек болгон дагы 40 мектепте курулуш иштери кызуу журүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий