Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жашоочуларына өрт өчүрүүчү унаа менен таза суу жеткирилүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына 8 чакырымдай алыстыктан таза суу тартылып келген түтүктөр сууктан улам тоңуп, төрт күндөн бери суу жетпей калган.
Буга байланыштуу Кара-Кулжа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бир өрт өчүрүүчү унаасы жергиликтүү калкка суу жеткирүү кызматын көрсөтүүдө.
"Узундугу 380 метр түтүкчө иштен чыгып калган, аны калыбына келтирүү үчүн көп убакыт талап кылынат. ӨКМдин өрт өчүрүүчү адистери элдин көйгөйүн четте калтырбай, муктаждыктарын канааттандыруу максатында таза суу ташып келүү жардамын беришүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган таза суу системасы менен 4581 адам жашаган 894 кожолук, мектеп, бала бакча камсыздандырылат.
Пикир
Оставить комментарий