• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кара-Кулжада куткаруучулар селге аккан төртүнчү адамдын сөөгүн табышты

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Кара-Кулжада куткаруучулар селге аккан төртүнчү адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык күн мурун Кара-Кулжа районуда саат 22:15 чамасында Кара-Гуз айыл аймагында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрүп, "Deo Матиз" үлгүсүндөгү унаасын сел агызып кеткен.

Унаанын ичинде 5 жаран болгон, бирөөсү жергиликтүү жарандар тарабынан куткарылып, калгандарын сел алып кеткен. Үч жарандын сөөгү буга чейин табылган болсо, азыркы саатка куткаруучулар төртүнчү жарандын сөөгүн табышты.

Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий