Кара-Кулжада селден 3 адам каза болуп, дагы бирөө изделүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Кара-Кулжада селден 3 адам каза болуп, дагы бирөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 30-июнда саат 22:15 чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрүп, "Deo Матиз" үлгүсүндөгү унааны агызып кеткен.

"Унаанын ичинде 5 жаран болгон, 1 жаранды жергиликтүү жарандар куткарып, калгандарын сел алып кеткен. Учурда куткаруучулар тарабынан 3 жарандын жансыз денеси табылып, бирөөсү изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий