• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кара-Кулжада тоо боорунан толук түшпөй калган жер көчкү атып түшүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Бүгүн Кара-Кулжа районунда Кара-Кулжа – Сары-Булак ички чарбалык жолунда тоо боорунан толук түшпөй калган жер көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнөн артиллериялык эсеп менен 6 атайын унаа, мындан сырткары жеринде абалды байкоо жана координациялоо максатында ӨКМдин Координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчыларынын жетекчилигинде ыкчам топ жана Ички иштер инистрлигинен 2 экипаж тартылды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында саат 17:00 чамасында Кара-Кулжа — Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы Көк-Жар тилкесиде жалпы көлөмү болжол менен 12000 м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган.

Аймакта жер көчкү түшүү кооптулугу жогору экендиги тууралуу корутунду ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан 2022-жылдын 14-июнунда чыгарылып, эскертүү берилген.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий