• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кара-Кулжадагы Жаңы-Талаа каналынын курулушу жандандырылды

Аймак 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн жеринен укту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун алкагында жергиликтүү калк Кара-Кулжа районундагы Жаңы-Талаа жана Ылай Талаа каналынын курулуш иштери алгач 2017-жылы, андан кийин 2020-жылы белгисиз себептерден улам токтоп калгандыгын айтышып, көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүшкөн.

Аталган маселе дароо ордунан чечилип, Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен Жаңы-Талаа каналынын курулушуна керектүү атайын техника тартылып, курулуш жумуштары жандандырылды.

Белгилей кетсек, Жаңы-Талаа каналы Кара-Кулжа районундагы Каракулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Карагуз, Жаңы-Талаа, Кеңеш айылдарынын жерлерин сугат суу менен камсыз болуусун жогорулатат.

Бүгүнкү күндө Тар суусунан суу алган сыйымдуулугу 0,8 куб метр/секундага жеткен насостук станцияны реконструкциялоо жумуштары толугу менен бүттү.

Пикир

Оставить комментарий