Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Кара-Кулжа районундагы Кара-Гүз айыл өкмөтүнө караштуу Апыз Калматов атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Айсезим Баймуратова премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун жаңы жылдык белеги катары берилген уюлдук телефонун жана таттууларды алды.
Белекти өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырды.
Кыздын ата-энеси ажырашкан, азыркы учурда айылда таенесинин колунда тарбияланып жатат. Айсезим келечекте илимпоз катары жаңы техникаларды ойлоп табуучу болгусу келет.
Пикир
Оставить комментарий