Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл. Новосибирскте сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Россиянын Новосибирск шаарында “Кыргызстандын жандуу тарыхы” сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө Новосибирсктеги Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан Новосибирск мамлекеттик аймактык илимий китепканасы менен биргеликте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулду.

Маалыматтык плакаттарда 1924-1926-жылдардагы Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архиви тарабынан берилген фотодокументтер: партиялык жетекчилердин портреттери, Кыргызстандын эл чарбасынын калыптанышынын далилдери, газеталардын жазуулары сыяктуу документтер илинди.

Фотокөргөзмөнүн ачылыш аземине Новосибирск облусунун губернаторунун администрациясынын, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Новосибирск облусунун Маданият министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Новосибирск шаарынын Улуттар аралык достугу үйүнүн өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасы катышты.

Иш-чаранын алкагында Новосибирск облусунун кыргыз диаспорасынын чыгармачыл тобу тарабынан музыкалык оюн уюштурулуп, комузда кыргыз күүлөрү аткарылды.

Сүрөт көргөзмө 2024-жылдын 30-июлуна чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий