• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулду

Президент 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисин уюштуруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун урматына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулсун.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисине күбөлүктүн формасы 2-тиркемеге ылайык;

– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунтүзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисинин сыпатталышы 3-тиркемеге ылайык.

3. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилерин жана алардын күбөлүктөрүн даярдоого, ошондой эле сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар КыргызРеспубликасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жабылат деп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасы:

– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилерин жана аларга 100 даана күбөлүктөрдү белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылсын;

– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилери менен сыйлоодо салтанаттуу кырдаалды уюштурсун.

Тиркеме: https://president.kg/news/decrees/25829

Пикир

Оставить комментарий