• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндөгү коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Санариптик өнүктүрүу министрлигиненкараштуу Калкты каттоо департаментинин Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу менен байланышкан коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн адиси А.С.Р. калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан системалуу түрдө акча алып жүргөн.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий