• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-декабрда саат 07:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында (Кара-Суу району, Кара-Дөбө айылы) “Хюндай Аванте” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай бетон тосмону сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы 1 эркек адам каза болуп, 40 жана 35 жаштагы 2 эркек адам жабыркаган.

Жабыркаган жана каза болгон адамдарды ИИМ кызматкерлери Ош облустук ооруканасына жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий