• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кара-Суу районундагы селдин кесепеттерин жоюуга 230 куткаруучу тартылды

Аймак 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Ош облусунунун Кара-Суу районундагы сел каптаган турак жайларды тазалоого 230 куткаруучу тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар Кара-Суу районунун Датка, Манас, Мады, Беш-Булак айыл өкмөттөрүнө 5 бөлүккө бөлүнүштү.

Таң эрте куткаруучулар кол каражаттары жана 21 даана мотопомпанын жардамында сел сууларды тазалап, сел калдыктарын коопсуз жайга чыгарышууда.

“Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана ыктыярдуу элдик кошуун тартылып, жергиликтүү тургундарга тиешелүү жардамдар берилип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов райондогу калыбына келтирүү жумуштарын жеринде көзөмөлгө алууда”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн - 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Төртөөнүн сөөгү табылып, дагы бир жаран изделүүдө. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн, унааларды суу агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.

Пикир

Оставить комментарий