Кара-Суу районунун 2 айылына флагшток орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Кечээ, 15-ноябрда Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман жана Кара-Кыштак айыл өкмөттөрүнө флагшот орнотулду.

Кашкар-Кыштак айылынын борборуна демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бийиктиги 31 метр, узундугу 7,5 метр, туурасы 4,5 метр болгон флагшток орнотулду. Жалпы чыгым 1,5 млн сомду түзүп, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн демилгеси менен демөөрчүлөрдүн колдоосунда курулду. Ал эми Нариман айыл өкмөтүнө курулган флагштогдун узундугу 32 метрди түзүп, жергиликтүү ишкер демөөрчүлүк кылган.

Мындан тышкары, Ош облусунун Алай жана Араван райондоруна да жаңы флагштоктор орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий