Ош, 17.04.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун төрт мектебинде Дүйнөлүк жарандык коргонуу күнү белгиленди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чолпон, Ч.Айтматов, Тажиматова жана Мирзажанова атындагы мектеп окуучуларына 11нен 13-апрель күндөрү жарандык коргонуунун эрежелери тууралуу айтып беришкен.
Иш-чаранын жүрүшүндө 10-11-класстын окуучуларына ӨКМдин кызматкерлери медициналык биринчи жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдарда өзүн кантип алып жүрүү эрежелери тууралуу айтып беришкен.
Пикир
Оставить комментарий