Кара-Суу шаарында эл аралык талапка жооп берген футбол стадиону курулат — Ташиев

Аймак 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат. Бул тууралуу күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев менен бирге Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионун азыркы абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

Камчыбек Ташиев эскилиги жетип, талкаланып калган бул стадионду толугу менен Эл аралык талаптарга жооп берген стадион кылып кайра жаңылоо тапшырмасын коюп, иштин жүрүшүн жана каржылык маселелерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте өз көзөмөлүнө алаарын белгиледи.

"Өлкөдөгү стадиондорду жаңылоо жана куруу иштери мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат", - деген ал жергиликтүү активдер менен мекеме ишканалардын жетекчилерине жемкорлукка жол бербөө, өз милдеттерин так аткаруунун зарылдыгын эскертти.

Белгиленгендей, стадионду куруу иштери жакынкы мезгилде башталат.

Ошондой эле жетекчилер Өзбекстандагы Кыргызстандын Барак эксклавынан көчүрүлгөн жарандар үчүн курулуп жаткан Жаңы-Барак айылынын куруу иштеринин учурдагы абалы менен таанышты. Алар курулуш иштеринин пландарын көрүп чыгып, тийиштүү тапшырмалар беришти.

Пикир

Оставить комментарий