• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кара-Сууда 23 жаштагы жаран сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Кечээ, 16-июнда Кара-Суу районуна караштуу Курбан-Кара айылындагы Савай каналына 23 жаштагы жаран чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 1999-жылы туулган М.С. аттуу (эркек киши) жаран болгон.

Жерине Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес.

ӨКМ издөө иштери бүгүн, 17-июнда улантыларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий