Кара-Сууда үч күн бою "Коопсуздук – 2024" машыгуусу өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу шаарында 23-апрелде "Коопсуздук – 2024" биргелешкен командалык-штабдык машыгуусу башталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары, ведомстволор жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аскердик абал шартында аймактык коргонууну жана күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу боюнча биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусун өткөрөт.

Иш-чаралар 23-24-25-апрель күндөрү уюштурулат.

Бүгүн аскердик машыгуунун жүрүшүндө Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү өздүк курамдын жана техникалардын эсебин чыгарып, кошумча резервдик күчтөрдү тартуу менен маанилүү стратегиялык объектилерди кайтарууга алышты.

“Алдыда дагы аскердик абал киргизилген учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий