Кара-Сууда дааратканага түшүп кеткен 2 жашар кыз куткарылды - сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 18.03.19/Кабар/. Дааратканага түшүп кеткен 2 жашар кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында болгон. Ал кызды ошол айылдын 56 жаштагы тургуну Хабибилла Кайназаров куткарып калган.

"Эки жашар кыз эшикте ойноп жатып, даараткананын чуңкуруна түшүп кеткен. Аны издеген апасы менен чоң энеси кыздын үнү ошол жактан чыккан. Хабибилла Кайназаров жардамга келип, аны чыгарып берген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий