• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кара-Сууда Рамазан айына карата кайрымдуулук иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда ыйык Рамазан айына карата дин кызматкерлери арасында кайрымдуулук иштери башталды. Бул тууралуу райондун баш имам-хатиби Абдирашит Батыров билдирди.

Анын маалыматына караганда, алгач «Аль-Ийман» мечитинин имамы Хамидулло Турсунов үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Савай айыл аймагындагы көмүр исине ууланып кайтыш болгон 4 адамдын жакындарынан кабар алып, көңүл айтып, азык-түлүк тапшырган.

Ошондой эле, «Шейх Алаудин Мансур» мечитинин жамааты үйү жок, кинотеатрдын бир бөлмөсүндө убактылуу жашап жаткан үй-бүлөдөн кабар алып, акчалай жардам көрсөттү.

«Алдыда да бир нече имам колунда жок, муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтмөкчү», - деп кошумчалады Батыров.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда Орозо 11-мартт башталат. 10-мартта таравих намазы окула баштайт.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Пикир

Оставить комментарий