• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Кара-Сууда Савай айыл аймагынын башчысы УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0


Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Савай айыл аймагынын азыркы жетекчиси К.М.К. буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылынын аймагындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган.

Мындан улам аталган жетекчи кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий