• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кара-Сууда таштандыны кайра иштетүүдөн электр энергиясын өндүрүүчү станция курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна таштандыны кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү станция курула баштады. Бул үчүн Кытайдан атайын адистер келишти. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинен билдиришти.

Окуу жайдын маалыматына ылайык, бүгүн ректор Кудайберди Кожобеков баштаган тишелүү жетекчилер жана Кытайдын Xiamen Jinming Energy Conservation Technology Co., Ltd. компаниясынын эл аралык бөлүмүнүн башкы директорунун орун басары Хуан Сяорун баштаган делегация менен жолугушту. Анда тараптар долбоордун жасалып жаткан иштерин, алдыдагы пландарын талкуулашты.

Бул станция Кара-Суу районунда курулуп, аймактын экологиялык абалын жакшыртуу, таштанды маселесин чечүү жана электр энергиясын туруктуу өндүрүү максатында ишке ашууда. Анын алкагында станция саатына 6000 киловатт электр энергиясын өндүрүп, Ош шаары, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат жана Араван райондору үчүн таштанды көйгөйүн чечүүгө жана экологиялык абалды жакшыртууга салым кошот.

“ОшМУ бул долбоордо аталган компания менен Кара-Суу районунун ортосунда көпүрө болуп жатат. Бул завод ишке киргенден тартып, университеттин базасында тиешелүү адистиктер ачылып, студенттер теориялык билим менен бирге практикалык тажрыйба топтоп, жумуш менен камсыз боло алышат. Андан сырткары илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт”, -деп белгиледи Кожобеков.

ОшМУ ири өнөктөштүктөр аркылуу билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү интеграциялоону улантууда. Шаардык жана регионалдык деңгээлдеги экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн илимий иш-аракеттерди колдонууда. Бул долбоор университеттин гана эмес, бүтүндөй аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон маанилүү салымы болуп саналат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Xiamen Jinming Energy Conservation Technology Co., Ltd. компаниясы, ОшМУ жана Кара-Суу райондук администрациясы 2024-жылдын 1-августунда үч тараптуу меморандумга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий