• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кара-Сууда "Улут байлыгы - улуттар биримдигинде" аттуу маданий иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Кара-Сууда мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Улут байлыгы - улуттар биримдигинде" аталышындагы маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев, Кыргызстан Калктар ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы Бердигул Караев жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-уюмдардын жетекчилери катышышты.

Маданий иш-чаранын жүрүшүндө түрдүү этностордун улуттук кол өнөрчүлүгү, улуттук тамак-аштары, улуттук кийимдери боюнча көргөзмө уюштурулуп, улуттардын маданий борборлору тарабынан даярдалган маданий концерттик программа тартууланды. Программада Кыргызстанды, мамлекеттик тилди, ынтымак, достукту даңазалаган чыгармалар аткарылды.

Иш-чаранын соңунда президенттин өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов сөз сүйлөп, Кыргызстанда элдин биримдигин бекемдөө, этностор аралык мамилелерди чыңдоо, Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү, маданий көп түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, маданият кызматкерлери, коомдук уюмдар менен чогуу иш алып баруусу зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий