Кара-Сууда жер көчкү коркунучунан улам 39 жаран коопсуз жайга көчүрүлдү

Аймак 0


Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылында жер көчкү коркунучунан улам 39 жаран коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган айылда эски жер көчкү активдешип, натыйжада көчкү жылып 5 турак үйгө коркунуч жаралган.

Жерине ыкчам түрдө Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана ӨКМдин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси барып, жер көчкүгө атайын белги орнотулду.

Ошондой эле жер көчкү ӨКМдин аталган департаментинин “АРГИС” программасына киргизилип, активдүүлүгү көзөмөлгө алынды.

Белгилей кетсек, жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү жүз миң куб метрди түзөт. Учурда аймактагы 5 турак үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти бул аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги тууралуу корутунду 9-июнь күнү чыгарып, жергиликтүү тургундарга көчүүнү сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий