• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кара-Сууда жергиликтүү калкка кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү аракеттер боюнча маалымат берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин буйругунун негизинде жер-жерлердеги милициянын уполномоченныйлары тарабынан тейлеген аймактардагы тургундарга отчет берип келишүүдө.

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай иш-чаралардын бири 20-январь күнү Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл округунда өткөрүлдү.

Жергиликтүү эл менен жолугушууга А. Султанов атындагы Кара-Суу РИИБнин башчысы Арабидин Акунбеков баш болгон райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилик курамы жана Ак-Таш айыл округунун башчысы жана айылдын жашоочулары катышты.

Мында Кара-Суу РИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйы Бактыяр Жусупов элге отчет берип, бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгү, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү иш-аракеттери боюнча маалымат берди.

"Айтылган маалыматтар боюнча мындагы жашоочулар өз пикирлерин айтып, көйгөйлүү маселелерин ортого салышты. Бул айылдын жашоочулары мектеп окуучуларынын коопсуздугу, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алуу, кечки убакта спирттик ичимдиктерди сатууну токтотууну, жаштардын түндөсү көчөдө жүрүүсүнө ата-энелер менен бирге тыюу салууну жана башка ушул сыяктуу маселелерди талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында жалпы айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Айта кетсек, мындай иш-аракеттердин негизги максаты ички иштер органдарынын кызматкерлерине болгон калктын ишенимин жогорулатуу, эл менен кызматташууну күчөтүү жана жер-жерлерде саясий, социалдык экономикалык туруктуулукту, укуктук тартипти камсыздоо, кылмыштуулук жана башка мүнөздөгү көйгөйлүү маселелерди өз учурунда аныктоо жана жеринде чечүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий