Кара-Сууда жергиликтүү тургунду 1,5 млн сомго алдап кеткен УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кара-Суу районунда жергиликтүү тургунду 1,5 млн сомго жакын акча алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милицияга райондун тургуну кайрылып, анда 2022-жылы жай айында Сарай айыл аймагынан жер тилкелерин алып берем деп ишеничке кирип, 1 млн 440 миң сом акчасын алып, бирок, жерди дагы, акчасын дагы кайтарбай жүргөн "Куту" атту жаранга чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иш козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, алдап кеткен жаранды аныкташкан. Ал ошол Кара-Суу районунун тургуну 1970-жылы туулган М.К. аттуу жаран болуп чыккан.

Учурда кылмышка шектүү кармалып, Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий