• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кара-Сууда жылына 50 млн кыш чыгарууга жөндөмдүү завод курулууда

Аймак 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагында “Таза-Көмүр” ЖЧКсы тарабынан ири кыш заводу курулууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн Ош облус башчысы Элчибек Жантаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана район жетекчиси менен биргеликте кыш заводу менен таанышты.

Аталган ишкана бышкан кыш жана көмүрдү кайра иштетип чыгарат. Заводдун курулушу толук аяктап, ишке кириши менен 250-300 жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болушат.

Облус жетекчиси менен экономика министри завод менен таанышып, ишкананын ачылышы аймактын өнөр жайын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана калкты жумуш менен камсыз кылууда маанилүү кадам болоорун белгилешти.

Айта кетсек, заводду куруу иштери 2024-жылдын башында башталган. "Таза-Көмүр" ишканасы жалпы 810 млн сомго инвесторлор тарабынан курулду. Ишкананын өндүрүмдүүлүгүнүн жылдык планы 50 млн кыш чыгаруу мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий