• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кара-Суунун Ачы айылындагы мектептин курулуш иштери 70%га аяктады

Аймак 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ачы айылында мектептин курулуш иштери 70%га аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Мектеп 225 орунга ылайыкталган, эки кабатуу 4 блоктон турат. “А” жана “Б” блоктору окуу корпустары, “В” блогу өтмө галерея жана “Г” блогу спорттук зал. Объекттин жалпы аянты 1791 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий