• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кара-Суунун Нариман айылында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.06.24. /Кабар/. Бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыкананын салтанаттуу ачылуу аземине саламаттык сактоо министри Адымкадыр Бейшеналиев катышты. Ал өз сөзүндө жыл аягына чейин мамлекеттик дарыканалардын жалпы саны жүзгө жетээрин айтып, калкты сапаттуу жана жеткиликтүү дарылар менен камсыз кылаарын айтты.

Нариман аймактын ооруканасынын директору Арстанбек Жолдошев калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар менен министрди тааныштырып, 140 орунга эсептелген ооруканада жылына 5-6 миң бейтап дарыланып чыгарын айтты.

Ошондой эле ал оорулууларга диагностикалык кызмат көрсөтүүгө санарип рентген, УДИ, эндогастроскоп жана башка аппаратар бар, лабораторияда базалык анализдерди өткөзүүгө керектелүүчү материалдар толук жетиштүү экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий