• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кара-Суунун Төлөйкөн айылында 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 85 пайызга бүткөрүлдү. Учурда айланасын жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

Объекттин курулушу 2021-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Долбоор боюнча эки кабаттуу бала бакча, откана, көмүр сактоочу жай, ойноочу жай, суу сактоочу кампа, сырткы ажааткана каралган. Имараттын аянты 3 миң 532 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий