• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Кара-Жантак айылынын 246 тургунуна кыргыз жарандыгы ыйгарылып, паспорт берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Кара-Жантак айылынын 246 тургунуна кыргыз жарандыгы ыйгарылып, паспорт берилди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, буга чейин Өзбекстандын Фергана облусунун Кара-Жантак айылы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Кыргызстандын карамагына өткөн.

Ага ылайык, Кара-Жантак айылы Баткен облусунун Кадамжай шаарынын курамына кошулган.

Бүгүн аталган айылдын жашоочулары менен облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана Баткен облустук жана Кадамжай райондук мамлекеттик мекеме-ишканаларынын жетекчилери жолукту.

Облус жетекчиси өз сөзүндө бул саамалык эки өлкө президенттеринин зор эрки менен ишке ашып жаткан саясий чечим экенин белгилеп, эки элдин ынак коңшулук мамилесинин айтып өттү.

Жолугушууда ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, азырынча айылдын 246 тургунуна кыргыз жарандыгын тастыктаган паспортторду тапшырды.

Абдикарим Алимбаев айыл тургундары менен жакындан баарлашып, маселелерин укту жана бардык тармактар боюнча суроо-жооптор болду.

Ошондой эле бүгүн аталган айылдын Кыргызстан менен байланыштырган узундугу 2,3 чакырым болгон жаңы жол ачылды. Жолдун курулушу 28 млн сомго республикалык бюджеттин эсебинен салынды. Жаңы жол Кара-Жантак айылын Кадамжай шаары менен байланыштырып турат.

Белгилей кетсек, Кара-Жантак айылын Кыргызстанга өткөрүп алуу иштери 2017-жылдан тартып башталып, тийиштүү комиссиялар иш жүргүзүп келген. Президенттин администрациясынын 2023-жылдын 22-декабрындагы тапшырмасына ылайык, жумушчу топ түзүлүп, натыйжада Кара-Жантак айылынын тургундарынын жана турак жайларынын санын тактоо, социалдык объектилердин абалын кароо, инфраструктурасын жакшыртуу, тургундардын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер колго алынган.

Мындан тышкары, таза суу, сугат суу, электр энергиясы менен камсыздоо, жол, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин уюштуруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий