• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Кара-Жыгач айылында № 47 кесиптик лицейдин жаңы корпусу ачылды

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында №47 кесиптик лицейдин жаңы корпусу ачылды.

Парламенттен билдиришкендей, корпус «Qatar Charity» фондунун колдоосу менен курулуп, бардык заманбап техникалар менен жабдылган.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева түзүлгөн шарт-жагдай менен таанышып, башталгыч кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн «Qatar Charity» фондуна ыраазычылыгын билдирди.

Муну менен катар Кыргызстан бардык инвесторлор жана өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеген эл өкүлү аталган багытта жасалып жаткан иштерге токтолду.

Пикир

Оставить комментарий