• 87
  • 90.41
  • 0.84

Караганды облусундагы карантиндик чектөөлөр жумшарат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Караганды облусунун коронавируска байланыштуу карантинге жабылган Темиртау шаарындагы жана Ботакара айылындагы блокпосттор алынып, чектөө чаралары жеңилдейт. Бул тууралуу аймактын башкы санитардык дарыгери билдирди.

1-июндан тартып азык-түлүк сатпаган базарлардын, соода үйлөрүнүн, көңүл ачуу жайларынын, бизнес-борборлордун жана коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүнө уруксат берилет. Мындан тышкары мейманканалардын, хостелдердин, чач тарачтардын, сулуулук салондордун жана косметикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн иши жанданат. Ошол эле маалда соода борборлордун ичинде жайгашкан кинотеатрлар, балдар үчүн оюн аянтчалары, аттракциондор жана коомдук тамактануу жайлары ачылбайт.

Бийликтин маалыматына ылайык, ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалар алгач атайын билдирме жазып, текшерүүдөн өтүп, иштөөгө даярдыгы тууралуу акты тапшыргандан кийин гана ачылышы керек.

Темиртау шаары 2-апрелде, Боткара айылы 18-майда карантинге жабылган.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 10 858 адамга жетип, 40 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий