• 87
  • 90.43
  • 0.88

Каракөл ГЭСинин курулуш иштери кызуу жүрүп жатат – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААКка караштуу Каракөл ГЭСинде курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү "Жагалмай" ЖЧКсына жүктөлгөн. Учурда негизги курулуш иштери олуттуу жыйынтыктарга жетишти.

Даярдык иштери:

  • жалпы узундугу 2,8 км болгон чарбалык жолдордун курулушу аяктады;
  • жолдорду коргоо үчүн жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлдү;
  • 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү тутумдар (ОРУ) курууга аянтча толугу менен даярдалды.

Негизги иштер:

  • курулуш учурунда сууну убактылуу буруу үчүн атайын каналдын курулушу аяктады.
  • башкы суу алуу курулушу, ошондой эле чөкмө топтоо жана аванкамеранын курулушу уланууда.
  • ГЭСтин имараты үчүн казылган котлован даярдалды, азыр фундаменттик плитаны бетон менен куюу иштери жүрүп жатат.
  • басым түтүктөрү үчүн болот листтерин жеткирүү жана түтүк секцияларын даярдоо 100% аткарылды.
  • басым түтүктөрүнүн секцияларын монтаждоо иштери 30%га бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Каракөл ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи жарымында аякташы пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий