• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Каракалпакстанда 280 миң гектардан ашык аянтты ээлеген корук түзүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Өзбек өкмөтүнүн чечими менен Каракалпакстандын Муйнак районунда 280 507 гектар аянтты ээлеген «Судочье-Акпетки» аттуу мамлекеттик корук түзүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Экология боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Корукту түзүүнүн башкы максаты — суу жээгиндеги ландшафтты, каналдарды, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан балыктарды, сууда сүзүүчү канаттууларды, сүт эмүүчүлөрдү коргоо жана көбөйтүү болуп эсептелет.

Өкмөттүн токтомунда Экология комитетине жыл соңуна чейин Судочье көлүн эл аралык маанидеги саздак жерлердин тизмесине (Рамсар конвенциясы) киргизүү тууралуу тапшырма берилгени жазылган.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда алты мамлекеттик корук, бир комплекстик (ландшафттык) корук, алты жаратылыш паркы, бир улуттук парк, 11 жаратылыш эстелиги, эки биосфералык корук, 12 корукча жана адистештирилген бир питомник бар.

«Судочье-Акпетки» коругунун түзүлүшү менен алардын жалпы аянты 3,521 миллион гектардан 3,801 миллион гектарга чейин көбөйдү. Бул өлкө аянтынын 8,46% түзөт.

Пикир

Оставить комментарий