• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Каракол - Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Каракол - Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 24-майда саат 03:30да аталган унаа жолдун 76-85-чакырым аралыгында жалпысынан 96 миң 651 куб метр кар көчкү жүрүп, анын 9 миң 679 куб метри жолго түшүп, жол жабылган. Тазалоо иштерине 2 бульдозер, 2 жүктөгүч тартылган.

ӨКМден белгилешкендей, саат 18:30да каттам бир тараптуу ачылган.

Пикир

Оставить комментарий