• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

"Каракол" эл аралык аэропорту быйыл күздө ишке берилет

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. "Каракол" эл аралык аэропорту быйыл күздө ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын башкы директору Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, аэропорт эл аралык стандарттарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

“Учурда аэропортторду реконструкциялоо иштери аяктап калды. Белгилүү болгондой жазында “Талас” аэропортун ачтык. Азыр “Нарын” аэропортун ачууну пландап жатабыз. “Казарман” менен “Кербен” аэропортунун курулуш иштери да бүткөн. Жакын арада бул аэропорттор толугу менен ачылат” – деди Самидинов.

Пикир

Оставить комментарий