Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директорунун бош кызмат ордуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин 2020-жылдын 29-майындагы №278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык директордун кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
- Ар кандай багыттагы жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.
Директордун кызматтык милдеттери:
- Директор мекеменин уставынын негизинде өз укуктарын жана милдеттерин ишке ашырат жана мекеменин ишинин натыйжалары үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Штаттык жана финансылык тартиптин сакталышына көзөмөлдү жүргүзөт;
- Буйруктарды чыгарат, бардык кызматкерлер жана студенттер аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
- Педагогикалык жана администрациялык персоналдын курамын түзөт;
- Мекеменин ички тартибин, түзүмүн бекитет;
- Өзүнүн орун басарларын дайындайт;
- Мекеменин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;
- Монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу контракттык окутуунун наркынын сметасын бекитет.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- Арыз;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефондорун көрсөтүү менен);
- Резюме;
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- Билим берүү мекемесин өнүктүрүүнүн перспективдүү планы.
Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2025-жылдын 9-январынан 22-январына чейин тапшырылууга тийиш.
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №106 кабинет (саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин), байланыш телефондору: +996 312 623639, 662683.
Талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга катышууга жол берилбейт.
Пикир
Оставить комментарий