Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Каракол шаарына КМШ мамлекеттеринин маданий борбору макамынын ыйгарылышына байланыштуу расмий иш-чара өтүүдө.
Иш-чара Каракол шаарынын борбордук стадионунда өтүп, расмий бөлүгүнө президент Садыр Жапаров катышат.
Ошондой эле иш-чарада Кыргызстандын алдыңкы өнөр адамдарынын концерттик программасы тартууланып, КМШ өлкөлөрүнүн жаштар симфониялык оркестринин музыканттары, престиждүү музыкалык сынактардын лауреаттары жана жеңүүчүлөрү майрамдык маанай тартуулашат.
Пикир
Оставить комментарий