Каракол шаарында 500 орундуу жаңы мектеп курулат (эскиздери)

Аймак 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Каракол шаарында 500 орундуу жаңы мектеп куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, курулуш боюнча тендерди шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы жарыялаган.

Мектеп Удилов көчөсү, 1 А дарегинде курулат.

Курулуштун сметалык баасы 211 млн 32 миң 892 сомду түзөт. Сынактык арыздарды 22-декабрга чейин берүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий