• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов кызматтан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Каниметов Адыл Жанкорозович ээлеген кызмат ордунан бошотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Негиз: Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кенешинин 2020-жылдын 7-октябрындагы № 27-39/1 токтому.

Пикир

Оставить комментарий